• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова коло үчүн күрөштө атаандашына бир упайга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 14.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөштө утулуп калды.

Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анда кыргыз кызы германиялык Луиза Нимешти 4:0 эсебинде артта калтырды.

Жарым финалда Айсулуу япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Бул кармашта япон спортчусу күчтүүлүгүн көрсөтүп, упайдын аркасынан упай алып жатты. Жыйынтыгында 11:5 эсебинде Озаки финалга чыкты. Ал эми коло медаль үчүн кармашта Тыныбекова украиналык Илона Прокопевнюкка 7:8 эсебинде утулуп калды.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Пикир

Оставить комментарий