• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 12.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды.

Нет описания.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий