• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган балбандар Бишкекке келди — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Спорттук күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнач мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 12-октябрда, “Манас” эл аралык аэропортунда Дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов жана грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоламан Шаршенбековду тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Илязбек Балташев улуттук курама команданы жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Осло шаарында өттү.

Кыргыз балбандары эки алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушкан:

1-орун – Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү, 62 кг;
1-орун – Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү, 68 кг;
2-орун – Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү, 60 кг;
2-орун – Эрназар Акматалиев, эркин күрөш, 70 кг;
3-орун – Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү, 76 кг;
3-орун – Алибек Осмонов, эркин күрөш, 65 кг.

Ошондой эле күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий