• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Бишкекке учуп келди

Спорт 0


Бишкек, 21.09.19. /Кабар/. Казакстанда өткөн кыз-келиндер арасындагы Дүйнө биринчилигинде дүйнө чемпиону аталган Айсулуу Тыныбекова Бишкекке учуп келди. Аны "Манас" аба майданынан күйөрмандары, туугандары, бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын күрөш тарыхында биринчи дүйнө чемпиону болду. Ал Казакстанда өткөн Дүйнө биринчилигинде 62 килограмм салмакта күрөшүп, алтынга жетүү үчүн жалпы беш беттеш өткөрдү. Финалда ал болгариялык Тайбе Мустава Юсейн менен күч сынашып, аны 5:3 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекованы аба майданынан тосуп алуу үчүн күйөрмандары, жакындары жана президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замир Аскаров, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов келген.

Күйөрмандарынан алдында сүйлөп жатып Тыныбекова, жеңиштен кийин аны президент менен өкмөт башчы куттуктаганын айтып өттү.

"Жеңишимди мекениме жана кыргызстандыктарга арнайм. Бул көп жылдык мээнеттин үзүрү. Бул жалгыз менин жеңишим эмес, жалпы биздин жеңиш", - деди ал.

Спортчу өзүнүн машыктыруучусу Нурбек Изабековго, улуттук кураманын мүчөлөрүнө жана жалпы кыргызстандыктардын баарына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий