• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнө чемпиону болгон Жуманазарова: Япониялык спортчу менен экинчи ирет күрөшүп жатам

Спорт 0

Бишкек, 08.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгондон кийин журналисттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди. Анын маегинин видеосу United World Wrestling уюмунун youtube каналына жүктөлгөн.

Кечээ, 7-октябрда, Жуманазарова финалдык беттеште япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Журналист япониялык спортчулар менен алтын үчүн күрөшүү кыйынга турарын белгилеп, бирок, ага карбастан кыргызстандык спортчу атаандашынын далысын жерге тийгизүү менен жеңгенин суроо иретинде айтты.

“Ал спортчу менен жаштар арасында Азия чемпионатында кезигип, күрөшкөнбүз. Бул ирет экинчи жолу ага каршы чыктым”, - дейт ал.

Жуманазарова Айсулуу Тыныбекова команданын лидери экендигине токтолуп, дайыма дем-күч берип келерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий