• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөдө 2,7 миллиондон ашык адам коронавирустан айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 млн 706 миң 820 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 6 млн 288 миң 167 адам жуктурган. Алардын ичинен 375 миң 987 киши каза болгон.

АКШда коронавирусту 1 млн 811 миң 277, Бразилияда ─ 526 миң 447, Россияда ─ 423 миң 186, Улуу Британияда ─ 277 миң 736, Испанияда ─ 239 миң 638, Италияда ─ 133 миң 197, Индияда ─ 199 миң 613, Францияда ─ 189 миң 348, Германияда ─ 183 миң 771, Перуда ─ 170 миң 39 жана Түркияда 164 миң 769 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий