• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөдө 226 миң 450 бай адам бар

Дүйнө 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катары 1,5 пайызга өсүп алардын байлыгы 27 трлн долларга жетти. Бул тууралуу “insider.pro.” агентиги жазды.

Алардын маалыматы боюнча, акыркы бир жылда эң бай деген адамдардын саны 3,5%га жогорулап, 226 миң 450 адамга жеткен. Аладын минималдуу байлыгы 30 млн доллар өлчөмүндө бааланат. Эксперттердин божомолунда 2021-жылы алардын катары дагы 72 миң 550 адамга жетет. Байлардын санынын кыйла өсүшү Түндүк Америка жана Азияда байкалган.

Белгилей кетсек, эң байлар дүйнө калкынын 0,003 гана пайызын түзөт. Алардын 2 миң 397си миллиардер. Анын 2 миң 125и эркектер болсо 272си аялдар.

Пикир

Оставить комментарий