• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө бир күн ичинде 474 миң адам коронавируска кабылды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 43 млн 483 миң 973 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Дүйнөдө бир күн ичинде 474 миң адам коронавируска кабылды. Ал эми АКШда аталган илдетти 8,7 млн, Индияда 7,9 млн, Бразилияда 5,4 млн, Россияда 1,5 млн, Францияда 1,2 млн адам жуктуруп алды.

Коңшу Казакстанда 110 миң 684, Өзбекстанда 65 миң 667 адам өпкөнү сезгенткен оору менен оорушкан.

Дүйнөдө коронавирустан 1 млн 159 миң 397 адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий