• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын саны дээрлик 100 миңге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны дээрлик 100 миңге жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-апрелге карата COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 809 миң 979 адам жуктурса, каза болгондордун саны 197 миң 6 адамды түздү.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-апрелде COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 710 миң 264 адам жуктурса, каза болгондордун саны 190 миң 896 адамды түзгөн.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны - 905 миң 333тү түзөт. Вирусту Испанияда 219 миң 764, Италияда 192 миң 994, Францияда 159 миң 952, Германияда 154 миң 999 , Улуу Британияда 144 миң 640, Түркияда – 104 миң 912, Иранда – 88 миң 194, Кытайда – 83 миң 899 жана Россияда – 68 миң 622 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 51 миң 949 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий