• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөдөгү ар бир онунчу өлүм – чылым чегүүгө байланыштуу

Дүйнө 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. 31-май – дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнүнүн алдында саламаттыкты сактоо жаатында иш алып барган 100 ашуун уюм коомдук сайттарга Facebook, Instagram, Twitter жана Snapchat компанияларына кайрылуу жолдоду. 48 өлкөдөн келген кайрылууда коомдук сайттар тамекини жашыруун жарнамалоону кыскартышы керектиги айтылат, - деп жазат Би би си.

Активисттердин кайрылуусу "Рейтердин" иликтөөсүнө таянган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамекини жарнамалоону таптакыр токтотууга чакырып келет.

Мындан эки жыл мурун чоң иликтөө жарыяланып, дүйнөдөгү ар бир онунчу өлүм тамеки тартуунун кесепетинен келип чыгаары айтылган.

Ошону менен бирге тамеки түбүнө жеткендердин жарымы төрт гана өлкөгө - Россия, АКШ, Кытай жана Индияга туура келет.

Окумуштуулардын маалыматына караганда тамекиден өлгөндөр көрсөткүчү дагы өсүшү мүмкүн. Анткени чылым чыгарган компаниялар агрессивдүү түрдө жаңы базарларды өздөштүрүүдө. Бул өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө мүнөздүү.

Иликтөөчүлөр 1990-2015-жылдардагы 195 өлкөдөгү тамеки тартуу боюнча маалыматтарды пайдаланышкан.

"Жарым кылымдан бери тамеки тартуу ден-соолукка олуттуу зыянын тийгизе турганына талашсыз далилдер табылганына карабастан, дүйнөдө жыл сайын ар бир төртүнчү эркек тамеки тартат",-деп билдирген иликтөөнүн авторлорунун бири Эммануэла Гакидоу.

"Чылым чегүү эртелей каза табуу жана майыптыкка алып келген экинчи фактор катары кооптуу бойдон кала берүүдө. Аны азайтуу үчүн тамеки менен күрөштү күчөтө беришибиз керек".

2015-жылы дээрлик бир миллиард киши тамеки тарткан. Алардын ар бир төртүнчүсү эркектер, ар бир жыйырманчысы аялдар.

Бул 1990-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырганда алда канча көп. Анда дүйнөдө ар бир үчүнчү жана ар бир он экинчи аял чылым чегери аныкталган экен.

Дүйнөдө калктын санынын өсүшү менен чылым чеккендер саны дагы өскөн. Ошону менен бирге тамеки тарткандан өлгөндөр 4,7% өсүп, 2015-жылы 6,4 млн жетти.

Иликтөөдө айрым өлкөлөр салыктарды көбөйтүү, тамеки кутуларына ар кандай эскертүүлөрдү жазуу, маалымат берүү программалары аркылуу чылымдан баш тартууга жетишип жатканы да айтылат.

Маселен, 25 жыл мурункуга салыштырганда Бразилияда чылым чеккендер эркектер арасында 29 пайыздан 12%, аялдар арасында 19 дан 8% пайызга чейин азайган.

Ошол эле учурда Орусияда чылым чеккен аялдар саны 56,2% өсүп, эркектер арасында 11% төмөндөгөн. Мындай тенденция айрым азиялык өлкөлөрдө да байкалган.

Кыргызстанда калк ичинде чоң кишилердин 25,4%ы тамеки тартат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, ал сандын ичинен 48,2%ы эркектер болсо, 2,7%ы аялдар. 48,2% – 425 миң 713 чылым чеккен эркек кишини түзөт.

"Кыргызстанда 31-май күнү Дүйнөлүк тамекисиз күнү "Тамеки жана таза өпкө" темасынын алдында белгиленет. Ал кампания тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасири тууралуу маалымат берүүгө арналган. Иш-чаранын дагы бир максаты, кызыкдар министрлик менен мекемелерди иш-аракетке өтүүгө чакыруу, тамеки чегүүнү азайтуу боюнча натыйжалуу чаралардын керектигине ынандыруу жана тамеки чегүүгө каршы күрөшкө тартуу", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда тамеки чегүү менен байланышкан өлүмдөр 35-69 жаштагы эркектер арасында 28%, 70 жаштан улуулар арасында 17% болсо, аялдар арасында 4-5% түзөт.

"Кыргызстанда 35-69 жаш арасындагы тамеки чегүү менен байланышкан, негизги жугуштуу эмес оорулардан улам каза табуу түзүмү: 1. өпкө рагы: эркектерде – 344, аялдарда –20; жүрөк-кан тамыр оорулары: эркектерде – 751, аялдарда – 161; өпкөнүн өнөкөт обструкциялык оорулары: эркектерде – 209, аялдарда – 15", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий