• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Дүйнөдөгү эң бай адамдар аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг Bloomberg агенттиги жарыялаган миллиардерлердин рейтингинде 3-орунду ээледи. Бул тууралуу орусиялык “РИА-новости” агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Цукербергдин байлыгы 81,6 миллиард долларды түзгөн. Ал 81,2 миллиард доллары бар америкалык инвестор Уоррен Баффеттен ашып кеткен.

Жума күнү фейсбуктагы акциялардын 2,4 пайызга өсүшү Цукербергдин байлыгынын өсүшүнө себеп болгон. Ал эми рейтингдин сап башында Amazon интернет-компаниясынын жетекчиси Жеффри Безос 142 миллиард доллары менен, кийинки орунда 94,2 миллиард доллары менен Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат.

Агенттиктин берген маалыматына ылайык, тизменин алдыңкы үчилтигинде биринчи жолу жалаң маалымат технологиялары менен алектенген ишкерлер болгон.

Аталган рейтинг миллиардерлердин үлүшү бар болгон компаниялардын акцияларынын бааларынын негизинде эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий