• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдөгү эң чоң "Дасин" аэропорту иштей баштады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Кытайдын Пекин калаасында дүйнөдөгү эң ири эл аралык "Дасин" аэропорту расмий түрдө иштей баштады. Бул тууралуу кытайлык ЖМКлар билдирет.

Аба майданы 30-сентябрда ишке берилээри пландалган. Бирок, кытайлык басылмалардын маалыматына ылайык, алгачкы каттамдарды 25-сентябрдан баштап кабыл ала баштайт.

Буга чейин, аэропорттун курулуш долбоорунун жетекчиси Ли Цзяньхуа SkyTeam альянсына кирген авиакомпаниялардын баары жаңы аба майданына көчүрүлөөрүн айткан. Ал эми, Star Alliance авиакомпаниясы эл аралык "Шоуду" аэропортуна калат.

Дүйнөдөгү ири эл аралык "Дасин" аба майданын куруу 5 жыл мурун башталып, ушул жылдын 30-июнунда аяктаган.

"Дасин" аэропорту Пекиндин түштүгүнөн 46 чакырым алыстыкта орун алган. Жаңы аэропортто учуп-конуучу 4 тилке бар, жылына 620 каттамды кабыл ала алат. 2025-жылы жаны аба майданы 72 миллион адамды тейлей алат.

Аэропорттун чатыры дүйнөдөгү эң чоң болот чатыры болуп эсептелинет. Анын аянты 25 футбол талаасына барабар. Чатырдын дизайнын түзүүгө дүйнөгө белгилүү архитектор, дизайнер Заха Хадид катышкан.

Пикир

Оставить комментарий