• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйнөдөгү эң кымбат 10 үйлөнүү үлпөт тою (тизме+сүрөт)

Дүр дүйнө 0

1. Диана айым менен принц Чарльз - үйлөнүү үлпөт тойго жалпысынан 110 млн АКШ доллары кеткен. Тойго дээрлик 30 торт жана 3000 конок келген.

2. Ваниша Миттал жана Амит Бхатиа – тойго жалпысынан 78 млн доллар коротулган. Той ээлери Индиядан чыккан британиялык бизнесмендер жана ийгиликтүү банкирлер.

3. Салама ханыша айым жана шейх Мухаммед бен Заид Аль Нахайян - тойго бардык чыгымдарды эске алганда жалпысынан 45 млн АКШ доллары кеткен. Атайын той үчүн делип 20000 орундуу стадион ижарага алынган.

4. Кейт Миддлтон менен принц Уильямдын үйлөнүү үлпөт тоюна дээрлик – 34 млн АКШ доллары коротулган. Тойго көптөгөн белгилүү голливуд актер жана актрисалары чакырылган.

5. Александра Кокотович жана Андрей Мельниченко – серб моделинин жана россиялык миллиардердин тоюна жалпысынан 30 млн доллар кеткен. Той Францияда өткөн. Салтанаттуу иш-чарага Кристина Агилера жана Уитни Хьюстон чакырылган.

6. Ким Кардашьян жана Канье Уэст - жаш жубайлар тойду өткөрүү үчүн дээрлик 30 млн АКШ долларын сарпташкан. Келиндин бир эле көйнөгүн тигүү үчүн 500 миң доллар кеткен.

7. Прия Сачдев жана Викрам Чатвал – тойго дээрлик 20 млн доллар коротулган. Индиянын супер жылдызы жана индиялык миллиардер 10 күнгө созулган тойлорун индия стилинде өткөрүшкөн.

8. Петра Экклстоун жана Жеймс Трюком – тойго 20 млн АКШ долларын сарпташкан. Петранын атасы миллиардер. Кызынын тоюн толугу менен атасы өз эсебинен төлөп, салтанаттуу иш-чарага he Black Eyed Peas жана David Guetta чакырышкан.

9. Ким Кардашьян жана Крис Хамфрис – тойго 10 миллион доллар сарпташкан. Крис Ким кардашьяндын мурдагы күйөөсү.

10.Иветт Прието жана Майкл Жордан – тойго баш аягы болуп 10 млн АКШ доллары сарпталып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.

Маалымат интернет булактарынан алынды.

Пикир

Оставить комментарий