• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдөгү эң кымбат 10 мейманкана

Дүр дүйнө 0

Эң кымбат баалуу мейманкада түнөө үчүн албетте калың капчык керек. Назарыңыздарга дүйнөдөгү эң кымбат баалуу деп эсептелинген 10 мейманкананын тизмесин сунуштайбыз.

10. Бурдж аль-Араб

Бул мейманкана 1999-жылы салынган, өзүнө 7 жылдыздуу деп ат ыйгарып, дүйнөдөгү эң кымбат мейманканалардын катарын толуктайт. Дубайдын (БАЭ) символу болгон парус-имараты чындыгында эле келген конокторду таң калтырбай койбойт. Бул жерде имараттын ичинин бардыгы алтын жалатылган, эң кичинекей бөлмөнүн аянты - 169 м², эң чоң бөлмөсүнүн жалпы аянты болсо – 780 түзөт. Мейманканада бир күн түнөө үчүн - 23 000 АКШ доллары керек.

9. Ritz-Carlton Tokio

Дүйнөгө белгилүү болгон мейманканалардын кеңсеси Япониянын Токио шаарында да курулган. Мейманкананын 53 кабатында люкс бөлмө орун алып, өзүнүн 16 адамга ылайыкташтырылган атайын ашканасы бар. Бул мейманканада бир күн түнөө үчүн – 25 000 АКШ долларын төлөш керек болот.

8. Plaza Hotel

Бул мейманканадагы бөлмөлөрдүн баасы 30 000 АКШ долларынан башталат. Бөлмөлөрдүн ичинде жада калса жеке китепкана да бар. Эгерде жагып калса, бир нече миллион доллар төлөп бул имараттан батир да сатып алсаңыз болот экен.

7. Laucala Island Resort

Дүйнөдөгү эң кымбат мейманканалардын кийинкиси Фиджиде жайгашкан. Люкс бөлмөсүндө түнөө үчүн алдын ала билдирмени толтуруп, 35 000 АКШ долларын төлөш керек.

6. Palms Casino Resort

Бул мейманкана дүйнөлүк оюн-зоок борбору болгон Лас-Вегаста жайгашкан. Андыктан бул жерде сизге абдан кызыктуу болот. Мейманканада ири казино жана үн жаздыруучу жеке студия бар. Эң кымбат номерлер 2 кабаттан туруп, 40 000 АКШ долларынан башталат.

5. Four Seasons Hotel

Эң кымбат мейманканалардын бешилтиги Нью-Йоркто орун алган. Мейманканадагы бөлмөлөр 45 000 АКШ долларынан башталат. Ичинде бардык керектүү нерселер бар.

4. Grand Hyatt Martinez

Каннада (Франция) жайгашкан бул мейманканадагы президенттик люкс бөлмөлөрү искусства сүйүүчүлөрүнө туура келет. Анткени бөлмөнүн дубалдары белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналарынын көчүрмөлөрү менен кооздолгон. Мейманканадагы эң кымбат бөлмөлөр 52 000 доллардан жогору турат.

3. Raj Palace

Дүйнөдөгү эң кымбат 10 мейманкананын бири дал ушул Индияда жайгашкан. Шахи-Махал мейманканасындагы люкс бөлмөсүнүн ичинде жеке театр бар. Люкс бөлмөлөрдүн баасы 60 000 АКШ долларынан башталат, ар дайым конокторду атайын ашпозчулар тейлешет.

2. Grand Resort Lagonissi

Грецияда орун алган Падышалык Виллада бир күн түнөө үчүн 75 000 АКШ долларын төлөш керек. Терезеден эбегейсиз кооз Эгей деңизине көз чаптырууга болот.

1.Hotel President Wilson

Дүйнөдөгү эң кымбат баалуу мейманкананын баасы 83 000 АКШ долларынан башталат. Ал Женевада (Швейцария) жайгашып, дүйнөдөгү эң кооз мейманкана болуп саналат.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий