• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөдөгү эң начар аэропорттор аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Кувейттин эл аралык аэропорту дүйнөдөгү эң начар аэропорттордун арасынан алдыңкы орунду ээледи. Тизме жүргүнчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде түзүлгөн.

Сурамжылоону учактардын каттамы кармалганда компенсация төлөп берүүчү “AirHelp” компаниясы жүргүзгөн.

Экинчи орунду Лондондогу Гатвик, ал эми үчүнчүнү Манчестер алды.

Ошондой эле, 10 начар аэропорттун рейтингин Америкалык “Ньюарк”, Индиядагы “Мумбай” аэропорту, Бириккен Араб Эмираттарындагы “Дубай”, Бангок, Дели жана Индиядагы эл аралык аэропорттору ээлеген.

Мындан тышкары, компания мыкты аэропортторду аныктап чыккан. Жүргүнчүлөрдүн мактоосуна арзыган аэропорттордун сап башында Сингапурдагы “Чанги” аэропорту турса, экинчиде Германиядагы “Мюнхен”, ал эми үчүнчүнү “Гонконг” аэропорту алган. Москвадагы “Шереметьево” аэропорту дагы жүргүнчүлөрдүн мактоосуна арзып, мыкты аэропорттордун тизмесинде 23-орунга татыктуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий