• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдөгү “эң түктүү” кыз 17 жашында турмушка чыкты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 05.01.18. /Кабар/. 2010-жылы “эң түктүү өспүрүм “катары Гиннестин рекорддор китебине катталган Супатра Сасупфан 17 жашында турмушка чыкты. Бул тууралуу Metro гезити билдирет.

Таиландда жашаган Супатра Сасупфан Абрамс синдрому же гипертрихоз илдети менен жапа чегип келет. Анын бети-башы, колу-буттары түктүү, ал тез эле кайрадан өсүп кетет. Орто кылымдан бери мындай илдетке чалдыккан 50гө жакын гана киши белгилүү.

Супарта социалдык тармактарга пост жарыялап, анда “сүйүктүүсүнө” турмушка чыккандыгын айткан. Атасы жергиликтүү ЖМКга берген маегинде кызын ар кандай жолдор менен дарылоого аракет кылгандарын, бирок алардын бардыгы жыйынтыксыз болгондугун билдирген. Эми Супарта ар дайым кырынып турууга мажбур.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий