• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдөгү эң улгайган жубайлар баш кошконуна 80 жыл болгонун белгилешти

Дүйнө 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң улгайган жубайлар 106 жаштагы Джон жана 105 жаштагы Шарлотта Хэндерсон баш кошконуна 80 жыл болгонун белгилешти. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирет.

Маалыматка ылайык, Джон 80 жылдык маарекесинин урматына Шарлоттага алгачкы жолугушуусун эскертип, 1920-жылы жарык көргөн эки орундуу унаага отургузуп, ага гүл тартуулаган.

Жубайлар майрамдык күнүн үй-бүлөсү жана жакындарынын курчоосунда эски сүрөттөрдү көрүү менен бирге өткөрүшкөн.

Джон жана Шарлотта 1934-жылы Техастагы университетте таанышып, 1939-жылы баш кошкон. Жубайлар Гиннес китебине дүйнөдөгү эң улгайган жубайлар катарында киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий