• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус илдетинен 5 миң 529 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус илдетинен 5 миң 529 адам каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын түзүлгөн электрондук картасында көрсөтүлгөн.

COVID-19 вирусу дүйнөнүн 159 өлкөсүндө аныкталды. Анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан да катталды.

Дүйнөдө илдетти 184 миң 976 адам жуктурду.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Сузак районунда үч жаранда коронавирус аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий