• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын 34,4%ы айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын 34,4%ы айыкты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирусту 4 млн 118 миң 783 адам жуктурса, коронавирустан 1 млн 418 миң 656 киши айыккан. 282 миң 947 адам каза болгон.

Коронавирус көп катталган өлкөлөр:

- АКШ – 1 млн 329 миң 799;

- Испания – 224 миң 350;

- Россия – 221 миң 344;

- Улуу Британия – 220 миң 449;

- Италия – 219 миң 70;

- Франция – 177 миң 94;

- Германия – 171 миң 879;

- Бразилия – 162 699;

- Түркия – 138 миң 657;

- Иран – 107 миң 603.

Пикир

Оставить комментарий