• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 млн 154 миң 984 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 502 миң 48 киши каза болгон. Ал эми 5 млн 147 миң 436 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 549 миң 69 киши, Бразилияда − 1 млн 344 миң 143, Россияда − 640 миң 246, Индияда − 548 миң 318, Улуу Британияда − 312 миң 653, Перуда − 279 миң 419, Чилиде − 271 миң 982, Испанияда − 248 миң 770, Италияда − 240 миң 310, Иранда − 222 миң 669 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий