• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 13 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 13 млн 113 миң 181 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 573 миң 288 киши каза болгон. Ал эми 7 млн 268 миң 22 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 364 миң 547 киши, Бразилияда − 1 млн 884 миң 967, Индияда − 906 миң 752, Россияда − 738 миң 787, Перуда − 330 миң 123, Чилиде − 317 миң 657, Мексикада − 304 миң 435, Улуу Британияда − 291 миң 691, Түштүк Африкада − 287 миң 796, Иранда – 259 миң 652 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий