• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 млн 41 миң 550 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө жалпы 894 миң 73 адам илдеттен айыкты. Коронавирусту жуктуруп алган 211 миң 159 жаран каза болду.

Ал эми COVID-19 эң көп АКШда 988 миң 451, Испанияда 229 миң 422, Италияда 199 миң 414, Францияда 165 миң 964, Германияда 158 миң 758, Улуу Британияда 158 миң 348, Түркияда 112 миң 261, Иранда 91 миң 472 жана Россияда 87 миң 147 жаран жуктурган.

Илдетти жуктуруп каза болгондордун ичинен АКШ биринчи орунда турат. Анда 56 миң 245 адам каза болду. Андан кийинки орундарга Италия - 26 миң 977, Испания - 23 миң 521, Франция - 23 миң 327, Улуу Бриатания - 21 миң 157 жаран каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий