• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32,1 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32 млн 141 миң 225 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Коронавирусту АКШда 6,9 млн, Индияда 5,7 млн, Бразилияда 4,6 млн, Россияда 1,1 млн адам жуктурган. Ал эми Казакстанда 107 миң 590, Өзбекстанда 53 миң 834 киши ооруга кабылган.

Дүйнөдө илдеттен жалпы 981 миң 808 адам каза болду. Алардын ичинен АКШда 202,7 миң, Бразилияда 139,8 миң жана Индияда 91,1 миң адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий