• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 33,5 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 33 млн 560 миң 877 адамды түзөт. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Илдетти АКШда 7,19 млн, Индияда 6,14 млн, Бразилияда 4,77 млн, Россияда 1,16 млн адам жуктурган. Ал эми Казакстанда 107 миң 908, Өзбекстанда 56 миң 354 адам ооруга кабылган. Коронавирустан жалпы 1 млн 6 миң 564 адам каза болду. АКШда 205,9 миң, Бразилияда 142,9 миң, Индияда 96,3 миң адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий