• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 39,8 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 39 млн 898 миң 689 адамды түзөт. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Коронавирусту АКШда 8 млн, Индияда 7,5 млн, Бразилияда 5,2 млн, Россияда 1,3 млн адам жуктурган.

Ал эми коңшу Казакстанда 109 миң 953 адам, Өзбекстанда 63 миң 303 адам илдетке кабылган.

Аталган илдеттен дүйнөдө 1 млн 113 миң 239 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий