• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5,3 миллиондон ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 млн 311 миң 624 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университети атайын жүргүзгөн эсебинде көрөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө коронавирустан 2 млн 112 миң 279 адам айыкан, 342 миң 105 киши каза болгон.

АКШда коронавирусту 1 млн 622 миң 670 адам, Бразилияда – 347 миң 398, Россияда – 335 миң 882, Улуу Британияда – 258 миң 504, Испанияда – 235 миң 290, Италияда – 229 миң 327, Францияда – 182 миң 36, Германияда – 179 миң 986, Түркияда – 155 миң 686, Иранда – 133 миң 521, Индияда 131 миң 920 киши жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий