• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5,5 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 млн 595 миң 91 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, илдеттен 2 млн 288 миң 965 жаран айыкса, каза болгондордун саны 350 миң 547ге жетти.

Коронавирусту эң көп АКШда 1 млн 618 миң 418, Бразилияда 391 миң 222, Улуу Британияда 266 миң 599, Испанияда 236 миң 259, Италияда 230 миң 555, Францияда 182 миң 847, Германияда 181 миң 200, Түркияда 158 миң 762, Индияда 151 миң 876, Иранда 139 миң 511 жаран жуктурду.

COVID-19 инфекциясынын кесепетинен каза болгондордун саны боюнча АКШ сап башында турат. Анда 98 миң 929 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий