• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5,5 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 млн 497 миӊ 532 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтулгөн.

Ага ылайык, дүйнөдө илдеттен 2 млн 234 миң 510 адам айыкты. Каза болгондордун саны 346 миң 326 жаранга жетти.

COVID-19 инфекциясын эң көп АКШ – 1 662 768 (каза тапкандар – 98 223), Бразилия – 374 898 (каза тапкандар – 23 473), Россия – 353 427 (каза тапкандар – 3 633), Улуу Британия – 262 547 (каза тапкандар – 36 996), Испания – 235 400 (каза тапкандар – 26 834), Италия – 230 158 (каза тапкандар – 32 877), Франция – 183 067 (каза тапкандар – 28 460) , Германия – 180 600 (каза тапкандар – 8 309), Түркия – 157 814 (каза тапкандар – 4 369) жана Индия – 145 456 (каза тапкандар – 4 172).

Пикир

Оставить комментарий