• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 6,5 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 6 млн 530 миң 67 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, дүйнөдө илдеттен 2 млн 820 миң 488 адам айыкса, 386 миң 392 жаран каза болгон.

Коронавирусту эң көп АКШда 1 млн 851 миң 520, Бразилияда 584 миң 16, Россияда 440 миң 538, Улуу Британияда 281 миң 270, Испанияда 240 миң 326, Италияда 233 миң 836, Индияда 217 миң 965, Францияда 188 миң 802, Германияда 184 миң 47, Перуда 178 миң 914 жана Түркияда 166 миң 422 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий