• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 6 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 млн 931 миң 963 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирустан 2 млн 496 миң 857 адам айыкса, 365 миң 51 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда 1 млн 747 миң 87 киши, Бразилияда – 465 миң 166, Россияда – 387 миң 623, Улуу Британияда – 272 миң 607, Испанияда – 238 миң 546, Италияда – 232 миң 248, Францияда – 186 миң 924, Германияда – 182 миң 922, Индияда – 174 миң 20, Түркияда – 162 миң 120, Иранда 146 миң 668 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий