• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7,2 миллиондон ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 млн 256 миң 412 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин малыматы боюнча, дүйнөдө илдеттен 3 млн 387 миң 270 киши айыккан, коронавирус жуктурган 411 миң 677 адам каза болгон.

АКШда коронавирусту 1 млн 979 миң 893 киши, Бразилияда − 739 миң 503, Россияда − 493 миң 23, Улуу Британияда − 290 миң 581, Индияда − 276 миң 583, Испанияда − 241 миң 966, Италияда − 235 миң 561, Перуда − 199 миң 696, Францияда − 191 миң 523, Германияда − 186 миң 522 жана Иранда 175 миң 837 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий