• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7,5 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 млн 531 миң 872 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, илдеттен 3 млн 552 миң 550 адам айыкса, 421 миң 801 жаран каза болгон.

Коронавирусту АКШда 2 млн 23 миң 347, Бразилияда 802 миң 828, Россияда 510 миң 761, Индияда 297 миң 535, Улуу Британияда 292 миң 860, Испанияда 242 миң 707, Италияда 236 миң 142, Перуда 214 миң 788, Францияда 192 миң 493, Германияда 186 миң 805, Иранда 180 миң 156 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий