• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 млн 33 миң 333 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, дүйнөдө илдеттен 3 млн 149 миң 989 жаран айыкса, каза болгондордун саны 403 миң 131ге жетти.

Вирусту АКШда 1 млн 942 миң 363, Бразилияда 691 миң 758, Россияда 476 миң 43, Улуу Британияда 287 миң 621, Индияда 258 миң 90, Испанияда 241 миң 55, Италияда 234 миң 998, Перуда 196 миң 515, Францияда 191 миң 102, Германияда 185 миң 869 жана Иранда 171 миң 789 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий