• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 38,4 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 38 млн 442 миң 524 адамды түзөт. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Коронавирусту АКШда 7,9 млн, Индияда 7,2 млн, Бразилияда 5,1 млн, Россияда 1,3 млн, Аргентинада 931,9 миң, Колумбияда 930 миң, Испанияда 908 миң адам жуктурган.

Казакстанда 109 миң 94 адам, Өзбекстанда 61 миң 950 адам илдетке кабылган.

Аталган илдеттен дүйнөдө 1 млн 91 миң 464 адам каза болду. АКШда 216 миң 872, Бразилияда 151 мин 747, Индияда 110 миң 586 адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий