• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 43 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 43 млн 9 миң 311 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Коронавирусту АКШда 8,6 млн, Индияда 7,9 млн, Бразилияда 5,3 млн, Россияда 1,5 млн, Францияда 1,1 млн адам жуктуруп алды.

Ал эми Казакстанда 110 миң 542, Өзбекстанда 65 миң 388 киши илдетке кабылды.

Дүйнөдө коронавирустан жалпы 157 миң 134 жаран каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий