• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө 2021-жылдын ортолорунда башталышы мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө 2021-жылдын ортолорунда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директорунун орун басары Сумия Сваминатан билдиргенин Казакстандын телеграф агенттиги жазат.

"Вакцинанын массалык өндүрүшү аяктагандан кийин 2021-жылдын ортосунда эмдөөгө киришсе болот", - деген ал.

Анын айтымында, учурда 20 вакцина клиникалык сыноолор баскычында турат.

"Ошон үчүн алардын кээ бирлери жарактуу болот деп үмүт артып жатабыз", - деген ал.

Ал белгилегендей, клиникалык сыноолордун алгачкы жыйынтыктары 2021-жылдын башында чыгып калат.

Пикир

Оставить комментарий