• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 1,2 миллионго жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 1 млн 168 миң 355 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, учурда дүйнөдө илдетти 3 млн 585 миң 357 адам жуктурган. Коронавирус жуктурган 251 миң 595 киши каза болгон.

Коронавирус жуктурган учурлардын көбү АКШда катталган – 1 млн 180 миң 634 киши. Испанияда – 218 миң 11, Италияда – 211 миң 938, Улуу Британияда – 191 миң 832, Францияда – 169 миң 583, Германияда – 166 миң 152, Россияда – 145 миң 268, Түркияда – 127 миң 659, Бразилияда – 108 миң 620, Иранда 98 миң 647 киши коронавирус илдетине чалдыккан.

Коронавирустан каза болгон адамдардын көбү АКШда болууда: 68 миң 934 адам. Италияда – 29 миң 79, Улуу Британияда – 28 миң 809, Испанияда – 25 миң 428, Францияда 25 миң 204 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий