• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 17,5 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 17 млн 536 миң 975ге жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 26 млн 324 миң 219 адамга жетти. Илдеттен 869 миң 76 жаран каза тапкан.

Коронавирусту эң көп АКШда 6 млн 150 миң 999, Бразилияда 4 млн 41 миң 638, Индияда 3 млн 936 миң 747, Россияда 1 млн 11 миң 987, Перуда 657 мин 129, Колумбияда 641 миң 574, Түштүк Африкада 633 миң 15, Мексикада 616 миң 894, Испанияда 488 миң 513 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий