• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2,1 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 млн 169 миң 5 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, дүйнөдө COVID-19 инфекциясын 5 млн 410 миң 288 жаран жуктурса, 345 миң 104 адам каза болду.

Коронавирусту АКШда 1 млн 643 миң 499, Бразилияда 363 миң 211, Россияда 344 миң 481, Улуу Британияда 260 миң 916, Испанияда 235 миң 772, Италияда 229 миң 858, Францияда 182 миң 709, Германияда 180 миң 328, Түркияда 156 миң 827, Индияда 138 миң 917 жаран жуктурган.

АКШда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун саны жогору бойдон калууда. Каза болгондордун саны 97 миң 722 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий