• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 1 млн 960 миң 223 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 5 млн 118 миң 416 адам жуктурган. Каза болгондордун саны 333 миң 212 адамды түздү.

Коронавирусту АКШда 1 млн 557 миң 758, Россияда 326 миң 448, Бразилияда 310 миң 87, Улуу Британияда 252 миң 246, Испанияда 233 миң 37, Италияда 228 миң 6, Францияда 181 миң 951, Германияда 179 миң 21, Түркияда 153 миң 548 жана Иранда 129 миң 341 жаран жуктурган.

АКШда илдеттен 94 миң 729 адам коронавирустун кесепетинен каза болду.

Пикир

Оставить комментарий