• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирусту 191 миңден ашык адам жуктурду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту 191 миңден ашык адам жуктурду. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолполнбаев билдирди.

Анын айтымында, 155 өлкөдө коронавирус катталды. “Дүйнө жүзү боюнча 191 миң 127 адам коронавирусту жуктурганы катталды. Анын ичинен 7 миң 807 адам каза болгон. Ошондой эле 80 миң 840 киши айыкты”, - дейт министр.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Ноокат районунда дагы үч адамдан коронавирус аныкталды.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Азыркы убакта Кыргызстанда бардыгы болуп 6 учур катталды.

Пикир

Оставить комментарий