• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирусту 500 миңден ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту 500 миңден ашык адам жуктурду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргенин РИА Новости жазат.

Аталган уюмдун акыркы маалыматына таянсак, дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 509 миң 164 адамды түзөт. Ал эми илдеттен 23 миңден ашык киши көз жумган.

Коронавирус дүйнөнүн 201 өлкөсүндө катталган.

Пикир

Оставить комментарий