• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирусту бир күндө 2 миңден ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту бир күндө 2 миң 223 адам жуктурду. Алардын 120сы Кытайда катталган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирет.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө аталган илдетти 93 миң 90 жаран жуктурган. Алардын 80 миң 422си Кытайда байкалган. Кытайда коронавирустан 2 миң 984 адам көз жумган, дүйнөдө 214ү каза болгон.

2019-жылдын декабрь айында коронавирустун жаңы түрү Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Кытайдан тышкары аталган дартты жуктурган учур Түштүк Корея, Иран, Италия жана Японияда аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий