• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1,7 млн адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлардын саны 1 млн 777 миң 666 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, азыркы тапта илдеттен 108 миң 867 адам каза болгон.

Ооруну жуктургандардын көбү АКШда – 529 миң 951. Испанияда – 163 миң 27, Италияда – 152 миң 271, Францияда – 130 миң 730, Германияда – 125 миң 452, Кытайда – 82 миң 96, Улуу Британияда – 79 миң 885, Иранда – 70 миң 29, Түркияда – 52 миң 167, Бельгияда – 18 миң 18, Швейцарияда 25 миң 107 адам илдетке чалдыккан (жалпы илдетти жуктургандардын саны айтылды).

Италияда коронавирустан эң көп киши каза болгон – 19 миң 468. Испанияда – 16 миң 606 жана Францияда – 13 миң 832 киши.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, илдетти 1 млн 614 миң 951 адам жуктурган, анын ичинен 99 миң 887 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий