• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 млн кишиден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 млн кишиден ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин коронавирус боюнча жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Жонс Хопкинс университети жүргүзгөн эсепке ылайык, дүйнөдө жалпы 1 млн 18 миң 948 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Анын ичинен 212 миң 357 адам оорудан айыккан.

Коронавирус жуктургандардын ичинен 53 миң 211 киши көз жумган.

Учурда бул илдетти жуктургандар көбү АКШда болууда – 245 миңден ашык киши. Италияда 115 миңден ашык, Испанияда 112 миңден ашык, Германияда 84 миңден ашык адам короавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий