• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 106 млн кишиден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 106 млн кишиден ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин коронавирус боюнча жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Университеттин маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча илдеттен каза болгондордун саны 2 млн 314 миң 558 адамга жетти.

АКШ, Индия, Бразилияда коронавирус жуккандардын саны 5 миллиондон ашты, Улуу Британия, Россия, Францияда 3 млн адамга жеткен. Андан кийинки орунда Испания турат.

АКШ, Бразилия, Мексика, Индия, Улуу Британияда вирустан каза болгондор 100 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий