• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2,5 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2,5 млн адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 567 миң 327 адам жуктурса, каза болгондордун саны 177 миң 521 адамды түздү.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны - 825 миң 306ды түзөт. Вирусту Испанияда 204 миң 178, Италияда 183 миң 957, Францияда 159 миң 300, Германияда 148 миң 453 , Улуу Британияда 130 миң 184, Түркияда – 95 миң 591, Иранда – 84 миң 802, Кытайда – 83 миң 864 жана Россияда – 52 миң 763 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 45 миң 75 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий