• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 78 миң 277 адам жуктурса, 525 миң 216 адам айыкты. Каза болгондордун саны 138 миң 101 адамды түздү.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны - 639 миң 664тү түзөт. Вирусту Испанияда 182 миң 816, Италияда 165 миң 155, Германияда 134 миң 753, Францияда 134 миң 582 жана Улуу Британияда 99 миң 516 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 30 миң 985 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий