• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн адамга жакындады. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, COVID-19 илдетин дүйнөдө 1 млн 996 миң 681 адам жуктурса, 500 миң 717 адам айыкты. Каза болгондордун саны 127 миң 590 адамды түздү.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп АКШда 609 миң 685, Испанияда 177 миң 633, Италияда 162 миң 488, Германияда 132 миң 210, Францияда 131 миң 362 жана Улуу Британияда 94 миң 845 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 26 миң 59 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий