• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны дээрлик 2,5 млн адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны дээрлик 2,5 млн адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 478 миң 948 адам жуктурса, каза болгондордун саны 170 миң 399 адамды түздү.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны - 787 миң 901ди түзөт. Вирусту Испанияда 200 миң 210, Италияда 181 миң 228, Францияда 156 миң 493, Германияда 147 миң 65 , Улуу Британияда 125 миң 856, Түркияда – 90 миң 980, Кытайда – 83 миң 849, Иранда – 82 миң 211 жана Россияда – 47 миң 121 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 42 миң 604 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий